Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖДОРУНДА ОКУУ ҮЧҮН “STIPENDIUM HUNGARICUM” СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫНА БЕРИЛГЕН АРЫЗДАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК КАРООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылы үчүн Венгриянын университеттеринде окуу үчүн “Stipendium Hungaricum” стипендиялык программасына берилген арыздардын техникалык кароосун аяктады.

post.title

Баалоо академиялык чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган көз карандысыз тандоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Конкурсанттардын тийиштүү баллдары окутуунун багыттары боюнча бирдиктүү форматка келтирилип, андан алынган орточо баллга ылайык жана иреттелген. Бакалавриат программасынын жана бир деңгээлдүү магистрдик программанын талапкерлери үчүн баалоо орточо жетишкендиктеринин (аттестаттын/транскрипттин баалары) жана англис тилин билүү деңгээлинин (TOEFL/IELTS) негизинде жүргүзүлдү. Магистратура жана докторантура программалары үчүн баалоо орточо жетишкендиктин (дипломдун/транскрипттин баалары) жана англис тилин билүү деңгээлинин (МТБ/МТ) негизинде жүргүзүлдү. Сынактын техникалык талаптарына жооп берген талапкерлердин тизмеси венгриялык тарапка андан ары тандоо үчүн алдын ала сунушталат.

Талапкерлерди андан ары тандоо Венгриядагы ар бир университеттин талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Тандоо жыйынтыктарынын негизинде университеттер Темпус коомдук фондуна (Венгрия) жана талапкерлердин өздөрүнө аларды окууга кабыл алууга даяр экендиктери жөнүндө маалымдайт.

Бирок, университеттен келген тастыктама стипендияларды ыйгаруу боюнча акыркы чечим болуп саналбайт.

Стипендияларды ыйгаруу боюнча акыркы чечим “Темпус” Коомдук Фондунун (Венгрия) Камкорчулар Кеңеши тарабынан Венгриянын ЖОЖдорунан алынган ырастамалардын негизинде кабыл алынат. 

Тизмелер:

1. Бакалавриат программасынын жана бир деңгээлдүү магистрдик программанын талапкерлери;

2. Магистратура программасынын талапкерлери;

3. Докторантура программасынын талапкерлери.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар