Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
СИБИРЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНА ЧАКЫРАТ

Көрүлдү: 371

14-15-декабрда Сибирь федералдык университети 9-11-класстын окуучуларын, студенттерди жана педагогдорду Билим фестивалына чакырат.

post.title

Фестивалдын коноктору окуу жайга кабыл алуу шарттары жана окуу программалары менен тааныша алышат. Фестивалдын алкагында мектеп мугалимдеринин жана ЖОЖдордун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдер уюштурулат. Сибирь федералдык университетинин профессорлору жана доценттери то-кен иши, информатика, математика, орус тили, физика, химия боюнча консультацияларды, семинарларды, мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүшөт.

 

Билим фестивалы 2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз-Орус Славян университетинде (Бишкек ш., Киев көч.44) саат 10до башталат.

2023-жылдын 15-декабрында №95 гимназия мектебинде, (дареги: Жал-29 кичи району, №45) саат 9да башталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар