Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
БИМде Казан федералдык университетинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

Көрүлдү: 692

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Ильшат Гафуров жетектеген Казан (Приволжск) федералдык университетинин делегациясы менен министрликтин жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим жана илим жаатындагы бир катар маселелерди, атап айтканда:

- билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын КФУдагы бакалавриат, магистратура, ординатура жана аспирантура программаларында окууга тартуу мүмкүнчүлүктөрүн;

- «3+1» форматында биргелешкен билим берүү программаларын өнөктөш жогорку окуу жайлар менен чогуу иштеп чыгып, ишке ашыруу маселесин;

- Кыргыз Республикасынын мектептеринин, жогорку окуу жайларынын кызматкерлери жана практика өтүүчү дарыгерлер үчүн КФУнун базасында квалификацияны жогорулатуу курстарын жана программаларын ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстандын абитуриенттери үчүн даярдоо курстарын өткөрүү жана окууга тапшыруу маселелери да козголду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыктын келечегин аныктап алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар