Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Женева университети 2022-2023-окуу жылына карата Европа жана эл аралык башкаруу боюнча магистратурада окуу үчүн стипендия жарыялайт

Көрүлдү: 1243

Женева университети Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси менен биргеликте уюштурган Европа жана эл аралык башкаруу жаатындагы келечектүү изилдөө магистрдик программасы глобалдык жана аймактык башкаруу программасынын флагманы экенин далилдеген. Жогорку академиялык стандарттарды мыкты тажрыйба жана практикалык окутуу менен айкалыштыруу бүткүл дүйнө жүзүндөгү катышуучуларга башкаруу тармагына кесипкөй катары киришүүгө жана карьерасын илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

post.title

Программанын ийгилиги жеке демөөрчүлөрдү окуу акысын жана Женевада жашоо чыгымдарын жабууга олуттуу салым кошкон 45 000 швейцария франкы өлчөмүндөгү 5 толук стипендияны сунуштоого өбөлгө түзгөн. Мындан тышкары донорлор жашоо чыгымдарына салым катары быйыл 20 000 швейцария франкы өлчөмүндөгү 5 кошумча стипендияны сунушташкан. Стипендиянын эки түрү тең программага байланыштуу чыгымдарды жабууга финансылык мүмкүнчүлүгү жок потенциалдуу катышуучулар үчүн сакталат.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул программанын катышуучулары окууну аяктагандан кийин өз өлкөсүнө кайтууга милдеттүү.   

Программага катышууга жана стипендия алууга кызыкдар болгон потенциалдуу талапкерлер тиркелген формада арыз толтуруп, ушул жылдын 8-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүүгө тийиш.

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57

Электрондук почтасы: dded@mfa.gov.kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар