Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Билим берүү жана илим министрлигинде кыргыз-венгр кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды

Көрүлдү: 1069

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында министрдин орун басары Нурлан Омуров менен Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дорогинин жолугушуусу болду.

post.title

Тараптар жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле инженердик-техникалык илимге басым жасоо менен мектептик билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ш. Дороги венгр тарап Кыргызстан менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдирди.

Н. Омуров Кыргызстандын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында акысыз окууга квотаны көбөйткөнү үчүн Венгриянын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар