Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Кыргызстандын делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин VI съездине катышып жатат

Көрүлдү: 825

Съезд Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөрүлүп жатат. Съезддин башкы темасы – «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин билим берүү мейкиндиги – анын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу».

post.title

Бул иш-чарага өлкөнүн атынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, өлкөнүн мектептеринин директорлору жана мугалимдери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышууда. 

Съездде кыргызстандык делегациянын жетекчиси катары министрдин орун басары Н. Джусупбекова сөз сүйлөдү. Ал туруктуу өнүгүү маселелери ар кайсы аспекттерде КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын, көптөгөн мамлекеттик майдандарында жана билим берүү аянтчаларында көтөрүлүп келе жатканын, ошондуктан Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө жетүү милдетин 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына да, 2040-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү программасына да киргизгенин белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакуновдун белгилешинче, съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүүнүн сапатын арттыруу, билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүү, санариптик доордо мугалимдердин кесиптик жактан өнүгүүсүн кубаттоо системасын түшүнүү маселелери каралууда. 

Съезддин алкагында биздин мугалимдерибиз: Нарын областынын Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Н. Макелеева, Бишкек шаарынын №67 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Е. Бережнова, Ош гуманитардык университетинин Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор К. Зулпукаров «КМШ билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.

Ошондой эле алгачкы Педагогикалык чеберчилик эл аралык фестивалын өткөрүү мерчемделүүдө, анын жыйынтыгы боюнча «Мугалим», «Тарбиячы», «Психолог/социалдык педагог» деген үч номинацияда байге ээлери аныкталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар