Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
КЫРГЫЗСТАН-ГЕРМАНИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Көрүлдү: 885

Бүгүн, 22-июнда, Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен Германиянын “Janser Education Academy” жана “Janser Consult GmbH” компаниясынын ортосунда кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

post.title

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев катышты.

Аталган документ өзүнө кесиптик билим берүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүүнү, бош иш орундар жарманкелерин биргелешип өткөрүүнү, илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруу, бул жаатта тажрыйба алмашууну жана билим берүүгө байланышкан алгылыктуу максаттарды камтыйт.


Мындан тышкары, Бекжан Супаналиев Германиянын “Arinstein” (Аринштайн) компаниясынын өкүлү менен жолугушту. Анда тараптар кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багытында кызматташуу, анын учурдагы абалы, артыкчылыктуу кесиптер тууралуу жана биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрүн  талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар