Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ К.ИМАНАЛИЕВ БРЮССЕЛЬ ШААРЫНА БОЛГОН ИШ САПАРЫНЫН АЛКАГЫНДА ЕБ ИНСТИТУТТАРЫНДА БОЛДУ

Көрүлдү: 736

Министр Евробиримдиктин Эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы директорлугунун башчысынын орун басары (DG INTPА) Мириам Ферранд, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан аймагы боюнча директору Петерис Устубс, ошондой эле ЕБ билим берүү, жаштар, спорт жана маданият маселеси боюнча башкы директорлугунун башчысынын орун басары (DG EAC) Вивиан Хоффман жана мырза Танели Лахти, Европа комиссарынын эл аралык кызматташтык боюнча кабинетинин башчысы Ютта Урпилайнен менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин жумушчу жолугушуулары үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” II Саммитинде белгиленген Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин жемиштүү өнөктөштүгүнүн далили катары өттү. 

Тараптар Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишелдин КР Президенти Садыр Жапаров жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгын кубатташты.

Жолугушууларда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформалары, демократиялык принциптерге умтулуусу талкууланды. Санариптештирүү жана санариптик трансформация, ошондой эле “жашыл” күн тартибине өзгөчө көңүл бурулуп, Erasmus билим берүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан кызматташтыкка жогору баа берилди. Маектешкендер Кыргыз Республикасында билим берүү тармагына жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгына бекем ишенимин билдиришти.


Тараптар Кыргыз Республикасында билим берүү тармагына жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын баса белгилешти.

Учурдан пайдалануу менен КР Билим берүү жана илим министри ЕБ билим берүү боюнча институттарынын өкүлдөрүн 2024-жылдын 12-июнунан 14-июнуна чейин Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалып жаткан  « Ар бир адамдын билим алуусу – жалпыга бирдей мүмкүнчүлүк» Глобалдык билим берүү форумунун ишине катышууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар