Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Министрликтин жетекчилиги Катар кайрымдуулук фондунун өкүлү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Көрүлдү: 825

Кыргызстандын билим берүү тармагына инвестиция тартуу үчүн Катар кайрымдуулук фондунун жетекчилиги менен түз байланыш түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында аталган Фонддун Глобалдык программалар офисинин башкы директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади мырза менен жолугушуу өткөрүлдү.

post.title

Жолугушуу учурунда Фонддун финансылык ресурстарынын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорду деталдуу талкуулоого өтүү, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы пландар белгиленди.

Наваф Абдулла Аль-Хаммади мырза Кыргызстандын ар кайсы облустарында жана региондорунда бир катар билим берүү уюмдары курулуп жатканын, аларды Фонд курулуш иштери аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүүнү пландап жатканын, ошондой эле калктын муктаж катмарына материалдык жардам да көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Ошону менен бирге ал Кыргызстандын билим берүү жаатында Фонд тарабынан 25 долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди. Алардын ичинен 1 долбоор Аутизм борборунун мугалимдерине билим берүүгө, 4 долбоор студенттерге техникалык колдоо көрсөтүү жана тамактануу жагынан жардам берүүгө, 20 долбоор билим берүү мекемелерин куруу жана оңдоо иштерине багытталганын айтты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Кыргызстандын билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртууга кошуп жаткан салымы үчүн Фонддун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасында тез арада чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү: Кыргызстандын региондорунда жана шаарларында мектептердин жетишсиздиги, мугалимдерди жана тарбиячыларды жеке турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле жетим балдардын жашоосу жана ыңгайлуу окуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы 1927-жылы курулган, бүгүнкү күндө жараксыз абалда турган эски мектептин ордуна жаңы окуу корпусун куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Маалымат катары айта кетсек, бүгүнкү күндө Кара-Тоо айылында мектеп курагындагы 800дөн ашык бала жашайт, айылда мектептин жоктугунан алар аргасыздан коңшу айылдардагы мектептерге 3-4 чакырым жол басып барып-келип окуп жатышат.

Жогорудагы сунушка жооп катары Наваф Абдулла Аль-Хаммади мырза жаңы мектептин курулушун каржылоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди жана бул маселени биргелешип чечүүнү сунуштады.

Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин тараптар жетим балдарды жана муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган башка социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар