ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА АДИС КЫЗМАТЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

24 Сентябрь 2026 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ДОЛБООРЛОРУН ИШКЕ АШЫРУУНУ КООРДИНАЦИЯЛОО БӨЛҮМҮ «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоонун алкагында экологиялык жана социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

  • Экология илимдери жаатында жогорку билим (айлана-чөйрөнү коргоо, геология же ага чектеш адистиктер);
  • Экологиялык жана социалдык ченемдердин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кеминде үч жылдык иш тажрыйба;
  • Экологиялык жана социалдык стандарттар, анын ичинде социалдык коопсуздук жана жашоо-тиричилик коопсуздугу боюнча документтерди иштеп чыгуу тажрыйбасы;
  • Эл аралык донорлор каржылаган долбоорлордо экологиялык жана социалдык стандарттар боюнча иш тажрыйба;
  • Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү. Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Компьютерде, анын ичинде Microsoft Word, Excel программаларында жана интернетте иштөө көндүмдөрү.

Кызыкдар талапкерлер кызыкдар экендиги тууралуу катты, орус жана англис тилдериндеги резюмесин (CV), ошондой эле тиешелүү дипломдорунун жана/же сертификаттарынын көчүрмөлөрүн 2026-жылдын 8-октябрында саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке тапшырышы керек:

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашырууну координациялоо бөлүмү

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 22А, № 101-кабинет
Тел.: 31-70-16; факс: 31-70-55
Электрондук почта: uluk.akulov96@gmail.com

Арызда кайсы кызмат ордуна талапкерлик коюлуп жатканы көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин толук топтому тиркелбеген, белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн же коюлган талаптарга жооп бербеген арыздар каралбайт.

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар