«Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү эл аралык консультант кызмат ордуна сынак жарыялайт

29 Июль 2021 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү Башталгыч мектептердеги окуучулардын окуу жетишкендиктерин калыптандыруучу жана суммативдик баалоо үчүн критерийлерге негизделген курал жана методиканы иштеп чыгуу боюнча эл аралык консультант кызмат ордуна сынак жарыялайт.

 

Квалификациялык талаптар:

 

  • Педагогика, социология же башка чектеш тармактардагы жогорку билим, тиешелүү тармак боюнча илимий даражага ээ болуу артыкчылык болуп саналат;
  • Сабактын деңгээлинде формативдик критерийлерге негизделген баалоо инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы, мониторинг жана баалоо жаатындагы техникалык билим;
  • Улуттук баалоо иштерин жүргүзүүнү координациялоо/консультация берүү боюнча эл аралык тажрыйба, КМШ өлкөлөрүндөгү баалоо тутумун жана практикасын билүү (Кыргыз Республикасында техникалык жардам көрсөтүу тажрыйбасы артыкчылыктуу);
  • Орус тилинде эркин сүйлөө, англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

 

Кызыккан талапкерлер бош кызмат орду көрсөтүлгөн орус жана англис тилдериндеги резюмесин (CV), ошондой эле тиешелүү дипломдордун же күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн 2021-жылдын 13-августу, саат 18:00дөн кечиктирбестен, төмөнкү дарекке жеткирип берүүгө тийиш:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү

Бишкек ш. Манас көчөсү 22/а, каб № 108

Тел. 31-70-55, факс 31-70-16

Электрондук почта: officeorp@gmail.com

Вакансиянын аталышы көрсөтүлбөгөн, документтери толук эмес, мөөнөттөн кечиктирилген жана талаптарга жооп бербеген арыздар каралбайт.

Техникалык тапшырма: /media/uploads/2021/07/29/2505_final.docx

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар