«Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү котормочу кызмат ордуна сынак жарыялайт

28 Июль 2021 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү котормочу кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  1. Тил илими/филология жаатында жогорку билим, котормо таануу жаатындагы билими артыкчылык болуп саналат;
  2. Эл аралык долбоорлордо кеминде 5 жылдык тажрыйба;
  3. Котормочу катары иш тажрыйбасы;
  4. Кыргыз, орус жана англис тилдерин мыкты билүү.

Кызыккан талапкерлер бош кызмат орду көрсөтүлгөн орус жана англис тилдериндеги резюмесин (CV), ошондой эле тиешелүү дипломдордун же күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн 2021-жылдын 11-августу, саат 17:00дөн кечиктирбестен, төмөнкү дарекке жеткирип берүүгө тийиш:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү.

Бишкек шаары, Манас көчөсү 22/а, № 108 кабинет

Тел.: 31-70-55, факс: 31-70-16

Электрондук почта: officeorp@gmail.com

Техникалык тапшырма: /media/uploads/2021/07/29/tor_translator-rus_-08052020-approved.docx

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар