Ушул күндөрү Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жатат. 2025-жылдын 18-июнунда башталган Форум өз ишин 21-июнда жыйынтыктайт. Кыргыз Республикасынан барган атайын делегациянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петровалар “Евразия өлкөлөрүнүн бирдиктүү билим берүү алкагы. Биригүүгө карата жаңы чечимдер” аттуу панелдик талкууга катышып, билим берүүнүн экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы, Евразия өлкөлөрүнүн биримдикте иштеши тууралуу ойлорун ортого салышты.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
20 Июнь 2025 ж. 16:14 1280
Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д. Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Б. Орозов катышты.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
20 Июнь 2025 ж. 10:16 1202
Бүгүн, 19-июнда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында жаңы 50 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 17:17 1042
2025-жылдын 15–20-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтүп жаткан жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган Педагогикалык форумдун алкагында 2023-жылы ишке ашырылган билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча "Баалоо" улуттук программасынын жыйынтыктары сунушталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 15:03 1120
Ушул тапта Ысык-Көлдө өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык семинар-форумдун алкагында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева 1–2–3-класстардын окуучуларынын окуу жетишкендиктерин баалоо системасында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө билдирди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 13:11 1210
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги EdNet билим берүү жаатындагы сапатты кепилдөө боюнча агенттиги менен биргеликте 18-июнда “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларынын биринчи рейтингинин жыйынтыгын чыгарууга арналган пресс-конференция өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 12:49 1458
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган семинар-форум Ысык-Көлдүн жээгинде алты күндөн бери уланууда. Иш-чарага облустук методикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, методикалык кабинеттердин башчылары жана мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышууда. Агартуу министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинованын айтымында, дал ушул адистер 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча реформанын маңызын түшүндүрүүдө, мугалимдерди методикалык жактан колдоодо жана аларга жеринде коштоп жардам көрсөтүүдө негизги ролду аткарышат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 12:32 1069
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев 2025-жылдын 11-12-июнунда Казань шаарында болуп өткөн “Формируя будущее” (Келечекти куруп) деп аталган билим берүү министрлеринин III эл аралык форумуна катышты. Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Татарстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен уюштурган иш-чарада 32 өлкөдөн 100 чет элдик конок чогулду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 12:23 372
2025-жылдын 18-июнунда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Июнь 2025 ж. 12:12 1160
2025-жылдын 16-июнунда билим берүү тармагындагы Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйыны министрдин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилиги астында болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Июнь 2025 ж. 19:11 1548
Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага 2025-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон абитуриенттердин тизмеси расмий түрдө тапшырылды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Июнь 2025 ж. 19:07 1725
Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы А. Жакшылыков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын 450 орунга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Июнь 2025 ж. 17:50 811
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти Карыпбаев Дастан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин инновациялар жана ишкердүүлүк боюнча жаштар конкурсунда өзгөчөлөндү.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
16 Июнь 2025 ж. 18:22 1004
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусундагы мугалимдердин “Санат” ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык семинар-форумдун экинчи күнү өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Июнь 2025 ж. 14:38 850
Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган "Жаңылыктын жарчысы" аттуу педагогикалык семинар-форум өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашуун педагог катышууда. Форумдун негизги максаты — Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» программасын илгерилетүү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Июнь 2025 ж. 10:26 1396