...
Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү секторун реформалоого финансылык колдоо көрсөтүүдө

Бүгүн, 2021-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосунда кол коюлган “Билим берүү секторун реформалоого контракт” финансылык макулдашуусунун шарттарынын үчүнчү траншынын индикаторлорунун аткарылышы боюнча Евробиримдиктин атайын баалоо жана мониторинг жүргүзүү миссиясынын отчёту талкууланды.

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

26 Август 2021 ж. 21:58 927

...
Евробиримдик Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө бюджеттик колдоо көрсөтүүдө

Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн Евробиримдик 100 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын улуттук бюджетин колдойт. 2020 -жылы Евробиримдик Кыргызстанга социалдык секторду жана билим берүүнү колдоо үчүн 24,8 миллион евро грант бөлгөн. Колдоонун максаты Covid-19дун социалдык жана экономикалык таасирин азайтуу жана бюджеттин тартыштыгын азайтуу болгон. Колдоонун аркасында, башка нерселер менен катар, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелеринин 17 915 кызматкерине эмгек акы төлөндү (2020 -жылдын июлунда 137,1 миллион сом). Окуу китептерин сатып алууга 69 миллион сом жумшалды.

Автор: «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору

25 Август 2021 ж. 12:19 1650

...
Министрлик мугалимдерди предметтик билим берүү стандарттарына окутууда

2021-жылдын 23-августунан 10-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерин математикалык жана табигый илимий билим берүү багыттарынын предметтик стандарттарына окутуу үчүн жыйынтыктоочу окуу иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тренингдер 2018-жылдан 2021-жылга чейин өлкөнүн бардык региондорунда 7-11-класстардын 10 000 предметтик мугалимин масштабдуу окутууну камтыйт.

Автор: "Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору

24 Август 2021 ж. 15:58 1240

...
Бишкекте Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө жүргүзүлдү

2021-жылдын 18-19-августунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшыруучу талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Автор: Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий

20 Август 2021 ж. 18:51 1565

...
Мария Сколодовская Кюри атындагы стипендиялык программа студенттерге эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт

Мария Сколодовская Кюри атындагы стипендиялык программа ядролук тармакта магистр даражасына окуп жаткан студенттерге стипендия, ошондой эле Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көмөгү менен такшалтмадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

19 Август 2021 ж. 17:12 1230

...
Бишкекте «Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышында республикалык кеңешме өтөт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университети менен биргеликте 2021-жылдын 23-августунда «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында саат 9-00до «Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышында билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрөт.

Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору

18 Август 2021 ж. 14:54 1400

...
«Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» сынагынын жеңүүчүлөрү Москванын ажайып жайларын көрүп келишти

Ушул жылдын 9-августунан 13-августуна чейин «Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» сынагынын жеңүүчүлөрү болгон 10 мугалим Москвада жүрүп келди.

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

16 Август 2021 ж. 18:42 1278

...
Болотбек Купешев тагдырдын оор сыноосуна кабылган Нурилло Мухамеджановду кабыл алды

Бүгүн министр Болотбек Купешев тагдырдын оор сыноосуна кабылган Нурилло Мухамеджановду кабыл алды. Жолугушуу министрдин демилгеси менен уюштурулду.

Автор: Борбордук аппарат

13 Август 2021 ж. 20:10 1830

...
Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылынын башталышы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт

Урматтуу журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эртең, 13-августта, "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда жаңы окуу жылынын башталышы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт.

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Август 2021 ж. 18:59 1650

...
Мугалимдердин август кеӊешмесине карата мектеп предметтери боюнча методикалык сунуштарды онлайн талкуулоо жүрүүдө

Мугалимдердин август кеӊешмелеринин алдында Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери облустук билим берүү институттарынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/мекемелердин жетекчилери менен онлайн жолугушууну башташты.

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

11 Август 2021 ж. 17:29 1395

...
Министрликте мамлекеттик буйрутма аркылуу илимий-изилдөө иштери боюнча конкурсту уюштуруу маселелери каралды

2021-жылдын 10-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана министрликтердин өкүлдөрү менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү.

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

10 Август 2021 ж. 20:00 1238

...
Ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде Ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме боюнча коммуникациялык стратегиянын бет ачары өткөрүлдү.

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

9 Август 2021 ж. 18:15 1402

...
Министрликте оозеки тарыхты заманбап изилдөө ыкмасы катары өнүктүрүү багытында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды

2021-жылдын 5-августунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева билим берүү жаатындагы адистер жана изилдөөчү тарыхчылар менен жолугушуу өткөрдү.

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

9 Август 2021 ж. 12:01 985

...
5-августтан тартып өлкөнүн мектеп китепканаларына кеңсе жабдуулары жеткириле баштады

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 5-августунан тартып өлкөнүн мектеп китепканаларына кеңсе жабдууларын жеткире баштады.

Автор: "Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору

9 Август 2021 ж. 9:56 1187

...
В МОН КР обсудили вопросы начального профессионального образования

2 августа 2021 года Республиканский научно-методический центр (РНМЦ) при МОН КР провел круглый стол на тему: «Профессиональное образование и производства - стратегии партнерства».

Автор: Республиканский научно-методический центр

9 Август 2021 ж. 0:41 1025

Мааракелер календары

календардын баары

НА ЦЕРЕМОНИИ ЗАКРЫТИЯ ОБЪЯВЯТ ПОБЕДИТЕЛЕЙ НАЦИОНАЛЬНОГО ЧЕМПИОНАТА РАБОЧИХ ПРОФЕССИЙ WORLDSKILLS KYRGYZSTAN

22 Февраль 2024 ж. 12:00

22 февраля будет проведена церемонии закрытия национального чемпионата рабочих профессий WorldSkills Kyrgyzstan среди учащихся профессиональных лицеев и колледжей.

НАЦИОНАЛЬНЫЙ ЧЕМПИОНАТ РАБОЧИХ ПРОФЕССИЙ WORLDSKILLS

20 Февраль 2024 ж. 9:00

20 февраля проведут церемонию открытия национального чемпионата рабочих профессий WorldSkills Kyrgyzstan среди учащихся профессиональных лицеев и колледжей.

21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин салтанаттуу иш-чарасы

16 Февраль 2024 ж. 11:00

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2024-жылдын 16-февралында саат 11:00до Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар