2025-жылдын 20-февралында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» аттуу ири долбоордун башталышына арналган конференция өттү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Анын максаты жогорку окуу жайларынын илимий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана эмгек рыногу менен байланышты бекемдөө болуп саналат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Февраль 2025 ж. 20:17 3850
2025-жылдын 20-февралында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Буллингге жол жок” аталышында форум өткөрүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Февраль 2025 ж. 9:35 785
АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан Колумбия университетинин бүтүрүүчүсү Алтынбек Исмаилов менен АКШнын Калифорния штатындагы Беркли шаарында жайгашкан Калифорния университетинин бүтүрүүчүсү Салия Асанова Anthropic компаниясы тарабынан уюштурулган AI Hack Challenge эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн катарына киришти. Баг-баунти программасынын алкагында катышуучулар Claude 3.5 Sonnet AI-моделинин коргоо механизмдерин кыйгап өтүүгө аракеттеништи, ал эми иштеп чыгуучулар системанын туруктуулугун тесттен өткөрүштү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Февраль 2025 ж. 18:47 3013
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Абазбек уулу Расулдун төрагалыгы астында кесиптик лицейлердин жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде кыска мөөнөттүү окутууларды уюштуруу, дуалдык окутуу системасын киргизүү маселелери талкууланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Февраль 2025 ж. 17:54 4073
2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Февраль 2025 ж. 15:15 4122
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Февраль 2025 ж. 17:03 1605
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 17-февралынан тартып республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн онлайн тренингдерди өткөрүүдө.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Февраль 2025 ж. 11:44 3604
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов соңку мезгилде кыргызстандык өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун күч алышына байланыштуу чукул кеңешме өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Февраль 2025 ж. 18:42 1099
2025-жылдын 7-9-февралында Румынияда IX Info (1) Cup эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 17 күчтүү өлкөсүнөн (Армения, Азербайджан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израил, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Англия, Өзбекстан) 2009-жылы же андан кийин төрөлгөн 184 окуучу катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Февраль 2025 ж. 18:01 1106
Бүгүн, 15-февралда, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук усулдук борборлордун директорлору менен кеңешме өткөрдү. Анда өлкөнүн билим берүү тармагынын бүгүнкүсү менен эртеңкисине байланышкан орчундуу маселелердин тегерегинде кеңири сөз болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Февраль 2025 ж. 16:04 3777
2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын катышуусунда аккредитациялоо маселелерин автоматташтыруу жана эл аралык аккредитациянын көйгөйлүү маселелери боюнча жыйын өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Февраль 2025 ж. 19:19 3489
Бүгүн, 14-февралда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясынын отуруму болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Февраль 2025 ж. 17:58 3418
Бүгүн, 14-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Февраль 2025 ж. 17:07 815
Ага Хан фонду “Мектептер 2030” программасынын алкагында республика боюнча 70 мектепке STEM жабдууларын өткөрүп берди. Иш-чара бүгүн, 13-февралда, Бишкектеги профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Февраль 2025 ж. 16:42 1312
Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 368 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 7-февралында № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Февраль 2025 ж. 13:33 843