Кыргызстанда жаңы окуу жылына карата масштабдуу даярдык аяктап жатат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги иштин жыйынтыгын чыгарып, окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге түздөн-түз тиешелүү пландар менен бөлүштү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Август 2025 ж. 15:08 971
Бүгүн, 25-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Ош облусуна барды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Август 2025 ж. 19:27 541
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги балдары ушул кезге чейин бир дагы мектепке 1-2-класстарга кабыл алына элек ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча квота ачыларын билдирет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Август 2025 ж. 18:57 3576
2025-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү продукциянын негизинде мектептик тамактандыруу программасы аркылуу жалпы билим берүү уюмдарында ден соолукту жана тамактанууну чыңдоо үчүн туруктуу чөйрөнү түзүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча расмий документке кол коюу аземи болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Август 2025 ж. 15:59 764
Бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Август 2025 ж. 18:55 887
Агартуу министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан билим берүү системасындагы санариптик реформаларга байланыштуу айрым маалыматтар боюнча түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Август 2025 ж. 16:52 823
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 20-августунан тартып 2025-жылдын 2-сентябрына чейин ачык конкурс жарыяланат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Август 2025 ж. 17:25 2437
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башкы (башчы) жана улук (башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 20-августунан тартып 2025-жылдын 2-сентябрына чейин ачык конкурс жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Август 2025 ж. 16:33 2637
2025-жылдын 11-13-августунда «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында (Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) 9-11-класстардын окуучуларынын арасында ишкердик жана финансылык сабаттуулук боюнча КМШнын эл аралык онлайн-чемпионатынын финалы болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Август 2025 ж. 15:36 605
“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” Август педагогикалык форуму Бишкектеги жана Оштогу 20дан ашык медиа адистин биргелешкен ишинин аркасында кеңири чагылдырылды. Форумду чагылдыруу 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөнүндө маалымдоо боюнча медиаштабдын, “ЭлТР” МТРКнын журналисттеринин, ОшМУнун жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын медиакомандасынын, Агартуу министрлигинин маалыматтык саясат секторунун жана “Кут билим" медиаборборунун катышуусунда жүргүзүлдү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Август 2025 ж. 14:57 681
2025-жылдын 18-19-августунда Ош шаарында өткөн Август педагогикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү жолугушуу болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана иш берүүчүлөр катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Август 2025 ж. 13:09 590
2025-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова Ош шаарындагы № 11 В.В. Терешкова атындагы жатак-мектепке барып, 700 орундуу жаңы окуу имаратын жана 500 орундуу жатаканасын көрүп чыкты. Жаңы курулган бул билим берүү объекти 2025-2026-окуу жылында пайдаланууга берилет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Август 2025 ж. 11:27 671
Август педагогикалык форумунун алкагында панелдик талкуу болуп, анда Бишкек шаарынын № 65 мектебинин директору Ольга Солошенко сөз сүйлөдү. Ал өлкөнүн билим берүү системасы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турганын белгиледи. 12 жылдык окутууга өтүү үчүн зарыл болгон бардык негизги документтер: мамлекеттик жана предметтик стандарттар, окуу программалары, ал тургай календардык-тематикалык пландар да иштелип чыкты. Мугалимдер бардык зарыл болгон теориялык базаларды алышты, ал эми форумдарда жана тренингдерде практикалык даярдыктан өтүп жатышат. Жакынкы күндөрү бардык мектептерде педагогикалык кеңешмелер өткөрүлүп, анда ар бир деталь педагогдорго жеткирилет.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Август 2025 ж. 16:28 969
Август педагогикалык форумунун алкагында Кыргызстандагы мектептик билим берүү тармагына Google for Education куралдарын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктары сунушталды. Долбоор Агартуу министрлигинин жана Google компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылып, аналитикалык коштоо «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан камсыздалды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Август 2025 ж. 20:01 787
Август педагогикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн пленардык жыйында жана мектеп китепканачыларынын секциясында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов баяндама жасады.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Август 2025 ж. 19:32 958