19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде өткөн жолугушууда технологиялык индустрия тармагынын лидерлери, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрү кыздар жана аялдар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасоо менен STEM жана санариптик билим берүүнү ишке ашырууну талкуулашты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Сентябрь 2023 ж. 15:09 2838
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Сентябрь 2023 ж. 18:54 1894
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «2023-2027-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында сапаттуу мектептик билимге жана окуу мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жеткиликтүүлүккө карай» долбоорунун алкагында өнөктөштүк тууралуу билдирүүгө кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Сентябрь 2023 ж. 18:37 3146
19-сентябрда Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин 30 жылдыгына арналган “Чоң Евразиядагы аналитикалык көпүрө: социалдык-экономикалык, саясий жана гуманитардык көйгөйлөр” темасындагы эл аралык конференция башталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Сентябрь 2023 ж. 17:05 834
Бүгүн, 19-сентябрда Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” дил баяндар сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык окуучулар менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
19 Сентябрь 2023 ж. 14:24 901
Бүгүн, 19-сентябрда ЖАГУнун Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборунда социалдык өнөктөштөрдү көз карандысыз сертификациялоо, гендер жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
19 Сентябрь 2023 ж. 14:20 368
Бүгүн, - 18-сентябрда, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги астында “Туура тамактануу – сергек жашоонун маңызы” аттуу эл аралык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жумушчу жыйыны болуп өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Сентябрь 2023 ж. 18:12 2809
Бүгүн, 18-сентябрда кесиптик лицейлердин директорлору, директорлордун орун басарлары, улук устаттар, методисттер жана окутуучулар үчүн “Педагогикалык чеберчилик” жана “Заманбап жетекчи” квалификация жогорулатуу курстары башталды. Курстардын расмий башталышына Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Сентябрь 2023 ж. 13:35 3012
“Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун билим берүү мекемелерине (мектеп, бала бакча) жана министрликтин карамагындагы 42 билим берүү уюмдарына (мектеп-интернат, адистештирилген жатак-мектептер) көмүр сатып алууга республикалык бюджеттен 109 млн сом каралды”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Сентябрь 2023 ж. 18:21 883
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Сентябрь 2023 ж. 18:05 3677
Бүгүн, 15-сентябрда Кара-Балта шаарындагы Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында социалдык өнөктөштөр, иш берүүчүлөрдүн жана башка уюмдардын өкүлдөрү үчүн гендер жана инклюзия маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлдү.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
15 Сентябрь 2023 ж. 16:22 342
Кыргызстандын мектеп окуучулары “Түрксой – түрк маданиятынын алтын көпүрөсү” дилбаяндар боюнча эл аралык сынагында байгелүү орундарга ээ болду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Сентябрь 2023 ж. 14:43 1155
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Сентябрь 2023 ж. 13:54 3338
13-сентябрда билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков Кыргыз-Орус Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Денис Фомин-Ниловду окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Сентябрь 2023 ж. 11:21 914
Жыл сайын республикадагы мектептер арасында өткөрүүлүчү “Мыкты медиа бурч” сынагына командалардан табыштамаларды кабыл алуу уланууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
13 Сентябрь 2023 ж. 18:06 1253