МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: III АЙЛАМПА ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Октябрь 2022 ж. 11:47

Көрүлдү: 3342

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун үчүнчү айлампасын жарыялайт.

post.title

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 27-октябрынан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт: 

Жалал-Абад облусу - konkurs3.ja.2022@gmail.com

Ысык-Көл облусу - konkurs3.ik.2022@gmail.com

Нарын облусу - konkurs3.naryn.2022@gmail.com

Ош облусу - konkurs3.osh.2022@gmail.com

Талас облусу - konkurs3.talas.2022@gmail.com

Чүй облусу -  konkurs3.chui.2022@gmail.com

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Облустар боюнча ваканттык орундардын саны:

Ысык-Көл облусу – 19

Нарын облусу – 15

Чүй облусу – 62

Талас облусу – 14

Жалал-Абад облусу – 98

Ош облусу – 101

Ваканттык орундар бар болгон мектептердин тизмеси

Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Ал эми тестирлөөнүн графиги жөнүндө маалымат кийинчерээк берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар