МЕКТЕПТЕРДЕ КҮЗГҮ КАНИКУЛ 31-ОКТЯБРДА БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Октябрь 2022 ж. 12:38

Көрүлдү: 1949

Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин 7 календардык күндү түзөт.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 231 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь жумуш эмес майрам күндөрү болуп эсептелет. Мындан улам мектептерде сабактар 2022-жылдын 9-ноябрында башталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар