ЖРТ: КАТТОО ОНЛАЙН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Октябрь 2022 ж. 16:31

Көрүлдү: 3756

Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев 2022-жылдын 19-октябрында “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында ЖОЖдорго абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу окутуунун контрактык формасында гана жүргүзүлө тургандыгын айтты.

post.title

 “Кышкы  кабыл алуу үчүн ЖРТга орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдар катыша алат. 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого катыша албайт”, - деп билдирди Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева .

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин ББОУБнын электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон  документтер:

•           Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

•           Орто билим  же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;

•           ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

•           Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Бардык документтердин түп нускасы керек.

ЖРТга  онлайн каттоо боюнча бардык нускамалар ББОУБнын  www.testing.kg расмий  сайтында   жайгаштырылган жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо акысы  ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.

КРнын ЖОЖдоруна өтүү үчүн негизги тестти сөзсүз тапшыруу керек. Медициналык жана фармацевтикалык адистикке өтүү үчүн химия жана биология предметтик  тесттерин сөзсүз тапшыруу керек. Башка адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттин жыйынтыгы бар абитуриенттер артыкчылыкка ээ болот. Предметтик тесттер сегиз сабак боюнча сунушталат: химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Кышкы кабыл алуу үчүн  Жалпы республикалык тест  – 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өткөрүлөт.

ЖРТга даярдануу үчүн ББОУБ www.testing.kg сайтында акысыз  онлайн тесттер жана тестке даярдануу үчүн кыргыз жана орус тилдеринде  колдонмолор сунушталат.

Онлайн каттоо тууралуу суроолор боюнча ББОУБнын төмөндөгү номерлерине кайрылыңыздар:

(0312, 0502, 0500, 0550, 0770, 0222) 66-48-38  www.testing.kg

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар