Кыргызстандык окуучу өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медалды багындырды

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

5 Август 2021 ж. 19:44

Көрүлдү: 1776

2021-жылдын 1-июлунан 4-июлуна чейин өспүрүмдөр арасында 25-Балкан математикалык олимпиадасы (JBMO 2021) болуп өттү. Ага 22 өлкөдөн 128 окуучу катышты.

post.title

Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучусу Фёдор Корнияш коло медалдын утуп алды. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Олимпиаданын алдында команда даярдыктан өткөн. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:  

1. Фёдор Корнияш, № 61 АФММЛ ОК

2. Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT

3. Максим Залепо, № 61 АФММЛ ОК

4. Станкулов Илим, «United World» эл аралык мектеби

5. Нурсултан Эшперов, Газпром-Кыргызстан мектеби

6. Актан Койчуманов, Газпром-Кыргызстан мектеби

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар