Кыргызстандык окуучу Камил Мамбетов химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медалды жеңип алды

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

5 Август 2021 ж. 19:38

Көрүлдү: 1007

2021-жылдын 25-июлунан 2-августуна чейин мектеп окуучуларынын химия боюнча 53-эл аралык олимпиадасы (IChO-2020, Япония) онлайн режиминде өттү.

post.title

Олимпиадага 85 өлкөнүн командалары катышты.

Ага Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу катышып, жыйынтыгында Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов коло медалга ээ болду.

Бул олимпиадага мектеп окуучуларын даярдоону жана онлайн өткөрүүнү камсыз кылууну команданын жетекчилери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценттери Б. Боркоев, К. Салиева жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Мунарбек Айтиевдер ишке ашырышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар