Кыргыз Республикасына 4,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык финансылык жардам берилет

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

5 Август 2021 ж. 14:43

Көрүлдү: 686

2021-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "2021-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору үч окууда каралды.

post.title

"Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасына 4,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык финансылык жардам берилет.

Аталган долбоордун милдети - мектепке чейинки билим берүүнү камтууну кеңейтүү жана мектепке чейинки билим берүү программаларын окутуунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле балдарды мектепке чейин даярдоону жакшыртуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашууну ратификациялоо 3000 баланы камтыган 60 жаңы кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүгө жана жабдууга, окуу программаларын иштеп чыгууга жана жаңы ачыла турган жана иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 5000ден ашуун тарбиячысын окутууга / квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар