Кыргызстандык окуучулар информатика жана биология боюнча эл аралык олимпиадаларда коло медалдарды багындырышты

Автор: Борбордук аппарат

30 Июль 2021 ж. 17:25

Көрүлдү: 910

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде информатика жана биология боюнча эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды багындырышкан кыргызстандык окуучуларга сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Аларга медалдарды жана белектерди министр Болотбек Купешев тапшырды.

post.title

2021-жылдын 19-июнунан 25-июнуна чейин Сингапурда бүткүл дүйнө жүзүндөгү окуучулар арасында информатика боюнча 33-эл аралык олимпиада өттү. Онлайн форматта өткөрүлгөн олимпиадага дүйнөнүн 88 өлкөсүнөн 355 окуучу катышты. Кыргызстандын атынан олимпиадага «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусунан куралган команда катышты.

Бардык тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча кыргызстандыктар төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү.

М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары Ислам Давлетом жана Артур Айдаров, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 9-классынын окуучусу Тенгиз Беккоёнов коло медалдарды жеңип алышты.

Белгилей кетсек, информатика боюнча эл аралык олимпиада 32 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Мелдештин катышуучулары алгоритмдик тапшырмаларды чечүүдө жана программалоодо чеберчиликти көрсөтүүгө тийиш.

Ошондой эле Кыргызстандын командасы 2021-жылдын 19-июлунан 22-июлуна чейин Лиссабон (Португалия) тарабынан уюштурулган Биология боюнча эл аралык олимпиадага катышты. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болушту:

- Бактынур Ажыбаев, Жалал-Абад шаарынын курманбек баатыр атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу;

- Элина Рамазанова, Бишкек шаарынын №56 мектебинин 11-классынын окуучусу;

- Дмитрий Доценко, Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл баатыр атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу;

- Арген Азанов, Талас шаарынын «Манас Ата» лицейинин 10-классынын окуучусу.

Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Бактынур Ажыбаев коло медалды багындырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар