МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАМААТЫНА МИНИСТРДИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛГАН УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВДУ ТААНЫШТЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Октябрь 2022 ж. 16:37

Көрүлдү: 2113

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Уланбек Мамбетакуновду тааныштырды.

post.title

Акылбек Жапаров белгилегендей, Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчиси билим берүү тармагында башталган реформаларды логикалык жыйынтыкка алып келүүсү зарыл. 

"Билим берүүнү реформалоо - бул социалдык муктаждык, ал чындап эле алынган билимдин сапатын жогорулатып, педагогикалык жамааттын билимин жана квалификациясын эл аралык деңгээлге көтөрүшү керек. Бул биринчи кезектеги милдет", - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.  

Өз кезегинде, жаңы жетекчи  республиканын жетекчилигине ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар