ДИРЕКТОРЛОРДУН КОНКУРСУ: БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Сентябрь 2022 ж. 22:07

Көрүлдү: 2177

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасы жарыяланды.

post.title

Сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштайбыз (жобо менен жакшылап таанышып чыгыңыздар).

► Жобо

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 29-сентябрынан 12-октябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы(башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Бишкек шаары - konkurs2.bishkek.2022@gmail.com

Ош шаары - konkurs2.g.osh.2022@gmail.com

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Компьютердик тестирлөө өтө турган график жана жайы тууралуу кошумча маалымат жарыяланат.

 

Көнүл буруңуздар!

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна арыз бере алат, ваканттык орундар менен да жакшылап таанышып чыгууну сунуштайбыз.

► Ваканттык орундар бар болгон мектептердин тизмеси

Сынак жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 0(505)110108, 0(556)110107, 0(755)112237, 0(778)112238.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар