Чет өлкөлүк аскердик жогорку окуу жайларына талапкерлерге компьютердик тестирлөө жүргүзүлдү

Автор: Национальный центр оценки качества образования и информационных технологий

30 Июль 2021 ж. 17:25

Көрүлдү: 956

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-июнундагы №347 токтомуна жана Чет өлкөлүк аскердик билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн сынактык тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобонун 53-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору аскер кызматкерлеринин жана жарандык жаштардын ичинен талапкерлердин жалпы билим берүүсүн компьютердик тестирлөө жолу менен баалайт.

post.title

Баалоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат. Ар бир предмет боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктары баллдык шкалага ылайык бааланат. Өтүү баллынын төмөнкү чеги, кабыл алуу комиссиясы тарабынан жыл сайын протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аныкталат. Натыйжалуулук жана объективдүүлүк максатында тестирлөө аяктагандан кийин абитуриенттер ар бир предмет боюнча электрондук жана кагаз түрүндө автоматтык түрдө жыйынтык алышат. Ошондой эле ачык-айкындуулук үчүн бардык талапкерлер Коргоо министрлигинин адистери тарабынан коддолгон.

Тесттин аягында борбор тарабынан бардык тест тапшыруучулардын университеттери жана багыты боюнча рейтингдүү тизмеси берилди.

Компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүдө:

1. Тестти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча бирдиктүү талаптардын сакталышына жетекчилик жана көзөмөл жүргүзүлдү;

2. Тест жүргүзүү учурунда тесттик материалдардын купуялуулугун сактоо (талапкерлердин бардыгы коддолгон), талапкерлерди каттоо жана кабыл алуу уюштурулду;

3. Жыйынтыктар дароо чыгарылды.

Тестирлөө 2021-жылдын 28-июлунда Коргоо министрлигинин базасында байкоочулардын катышуусунда өткөрүлдү. Жалпысынан 81 аскер кызматкери жана жарандык жаштар катышышты. Сунуш кылынгандардын акыркы тизмеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тандоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар