Министр Купешев Хорватиянын Кыргызстандагы Элчиси Шабанович менен жолугушуу өткөрдү

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

30 Июль 2021 ж. 17:25

Көрүлдү: 954

2021-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешевдин Хорватия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Рефик Шабанович менен жолугушуусу өткөрүлдү. Анда тараптар билим берүү жаатындагы эки жактуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Атап айтканда, Хорватия Республикасынын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле окуучулар арасында спортту жайылтуу маселелери талкууланды.

post.title

Анда тараптар билим берүү жаатындагы эки жактуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Атап айтканда, Хорватия Республикасынын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле окуучулар арасында спортту жайылтуу маселелери талкууланды.

Министр Б. Купешев Хорватия Республикасы менен достук мамилелерди түзүүгө жана билим берүү жаатында кызматташтыкты жандандырууга министрлик кызыкдар экенин белгиледи.

Р. Шабанович Хорватия Республикасы студенттерди жана профессордук-окутуучулар курамын алмашуу боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле медициналык багыт жана IT-технология боюнча биргелешкен факультетти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандумду түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө биргеликте күч жумшамай болушту. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар