Орто кесиптик окуу жайларга онлайн тапшыруу

Автор: Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы

30 Июль 2021 ж. 17:25

Көрүлдү: 992

2021-жылы республиканын колледждерине талапкерлерден документтерди кабыл алуу жана каттоо интернет аркылуу https/2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу менен жүргүзүлөт.

post.title

ОКОЖго кирүү сынагына катышуу үчүн арыз ээси https/2020.edu.gov.kg/spuz/ веб-сайтына төмөнкү документтерди электрондук түрдө тиркеп, арыз тапшырышы керек:

  • паспорт же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документ;
  • жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк (11-класс), негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк (9-класс) жана ага тиркеме;
  • кабыл алуу үчүн атайын укуктарды же жеңилдиктерди тастыктаган документтер (жетим статусу, майыптыгы ж.б.).

ОКОЖго талапкерлерди тандоо жана каттоо үч тур менен жүргүзүлөт. 1-турга каттоо 12-июлда башталат. Ар бир турда абитуриент бюджеттик орун үчүн сынакка катышуу үчүн бирден, контракттык окутуу боюнча сынакка катышуу үчүн бирден арыз берүүгө укуктуу. Билим берүүнүн бюджеттик жана контракттык түрлөрү боюнча абитуриенттерди кабыл алуу үчүн сынак орто билим жөнүндө аттестаттын орточо баллынын (11-класс) же негизги жалпы билим жөнүндө аттестаттын (9-класстын) суммасына жана бирөөнө коюлган баага ылайык өткөрүлөт.

Медициналык адистиктер боюнча сынак абитуриент ОКОЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлүүчү кирүү сынактарын тапшырганда алган баллдарынын суммасына жана билим берүү документинин орточо баллына жана негизги сабактын баасына ылайык өткөрүлөт.

Кабыл алуу боюнча сунуштамадан кийин 3 күндүн ичинде талапкер ОКОЖдо окууну каалагандыгын тастыкташы керек.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар