EXPO-2022: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Сентябрь 2022 ж. 16:35

Көрүлдү: 2007

“Билим берүү жаатындагы жаңы багыттардын, тажрыйба алмашуулардын жолугушуусу биздин мамлекетте өтүп жаткандыгы абдан кубандырат. Ректорлордун дүйнөлүк форуму жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачарына терең ишенем”, - деп билдирди Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн “EXPO-2022” Эл аралык билим берүү көргөзмөсүнүн ачылышында КРдин Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов.

post.title

Көргөзмөгө дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекетинен келген ректорлор катышып, аларга Кыргызстандын жогорку окуу жайлары тааныштырылды. Ошондой эле Кыргызстандын университеттери чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол койду.

Германиянын колдонмо илимдер университетинен келген Дирк Закман Кыргызстандын университеттери менен кызматташууну пландап жатканын билдирди.

“Бул иш-чара бизге изилдөө иштеринде университеттер менен байланыш түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ушундай жогорку деңгээлдеги иш-чараны уюштуруп берген Билим берүү жана илим министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдирем”, - деди Дирк Закман.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө Ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар