МУГАЛИМДЕРДИН МАЯНАСЫ АЗЫРКЫ ДЕҢГЭЭЛИНДЕ САКТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Сентябрь 2022 ж. 12:10

Көрүлдү: 839

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80%, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50%, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80%га жогорулатылган.

post.title

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү. Ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмү окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап мугалимдердин эмгек акысын эсептөө азыркы Жарлыкка ылайык сакталат. Ал эми сентябрынан айынан тартып, мугалимдердин тарифтик ставкасы азайтылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар