МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО СЫНАГЫНЫН II АЙЛАМПАСЫНЫН ГРАФИГИ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Сентябрь 2022 ж. 17:37

Көрүлдү: 4190

Мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын графиги белгилүү болду.

post.title

Тестирлөөнүн графиги боюнча облустарда төмөндөгү күндөрү өткөрүлөт:

  • Баткен облусу

Баткен мамлекеттик университетинде 21-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 61

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 183

Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 61ден талапкер катышат.

  • Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 21-22-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 132

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 396

Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 100дөн талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтөт. Ага 96 адам катышат.

  • Ош облусу

Ош мамлекеттик университетинде 23-24-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 172

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 516

Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 160дан талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтөт. Ага 36 адам катышат.

  • Чүй облусу

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 86

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 258

Тестирлөө бир күндө 3 нөөмөттө өтөт. Биринчи, экинчи нөөмөткө 100дөн,  ал эми үчүнчү нөөмөткө 58 талапкер катышат.

  • Талас облусу

Талас мамлекеттик университетинде 27-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 46

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 138

Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 46дан талапкер катышат.

  • Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 30-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 41

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 123

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 120 талапкер катышат.

  • Нарын облусу

Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 30-сентябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны - 15

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 45

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 45 талапкер катышат.

Белгилей кетсек, мектеп директорлорун тандоо сынагынын биринчи айлампасы 11-августтан 30-августка чейин өткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар