АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭКЕНДИГИН БААРЫБЫЗ СЕЗИП ТУРАБЫЗ”

Автор: Борбордук аппарат

22 Август 2022 ж. 16:49

Көрүлдү: 1301

“Өлкө башчысы билим берүүнү эң маанилүү тармактардын бири катары белгилеп, өзгөчө көңүл бурууда. Биз дагы ошого жараша татыктуу иш алып баруунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөнүн өнүгүшү билим берүүгө түздөн-түз байланыштуу экендигин баарыбыз сезип, аңдап турабыз”, - деп билдирди министр Алмазбек Бейшеналиев “Газпром Кыргызстан” мектебинде өткөн август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын ачылышында.

post.title

Бүгүн, 22-августта 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата педагогика кызматкерлеринин август кеңешмесинин секциялык иш-чараларынын I бөлүгү өттү.

Секциялык иш-чаралар 11 багыт боюнча мастер-класстарды жана билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мекемелерде окуу жылын уюштуруу боюнча нускамалык – методикалык консультацияларды камтыды.

Белгилей кетсек, эртең 23-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдердин республикалык салттуу конференциясы өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар