ЖАШООНУ ЖАКШЫРТУУГА, ИННОВАЦИЯГА ЖАНА ЖАҢЫ МЕТОДОЛОГИЯГА КОШКОН САЛЫМЫ ҮЧҮН СЫЙЛЫК АЛУУГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Август 2022 ж. 16:54

Көрүлдү: 854

Иран Ислам Республикасынын Илим жана технология боюнча Мустафа илим жана технология фонду “Мустафа” 2023-жылы сыйлыгын ыйгаруу үчүн талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялайт.

post.title

Мустафа илим сыйлыгы эки жылда бир жолу Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин алдыңкы изилдөөчүлөрүнө жана илимпоздоруна жашоону жакшыртууга, инновацияларга жана жаңы илимий методологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылат.

Мустафа сыйлыгы билим берүүнү, изилдөөнү стимулдаштыруу максатын көздөйт жана ИКУ жана ЭКУ мейкиндигинде илимди андан ары өнүктүрүү үчүн илимпоздордун ортосундагы аймактык мамилелерди өнүктүрүүдө алдыңкы ролду ойноого багытталган.

ИКУ жана ЭКУ өлкөлөрүнүн эксперттери онлайн тапшыра алышат: http://mustafaprize.org/nomination.

Талапкерлерди каттоо 2022-жылдын 31-августунда аяктайт.

Мустафа сыйлыгы тууралуу толук маалымат: http://mustafaprize.org сайтында жайгашкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар