“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” КУРСУ БОЮНЧА 7-8-КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУГА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июль 2022 ж. 9:34

Көрүлдү: 1142

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик компонентин киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Диндердин өнүгүү тарыхы” курсу боюнча 7-8-класстардын окуучулары үчүн окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) иштеп чыгууга ачык сынак жарыялайт.

post.title

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 7-9-класстары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” курсу боюнча предметтик стандарт Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында (https:/) /edu.gov.kg/) жана Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында (https://kao.kg/) жайгаштырылган.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү дарек: Бишкек ш., К. Тыныстанов көчөсү, 257, 3-кабат, 325-кабинет же 0312 62 36 60 телефон номери аркылуу кайрылса болот.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” курсу боюнча 7-8-класстардын окуучулары үчүн даяр окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2022-жылдын 1-декабры.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар