“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТ БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Июнь 2022 ж. 15:17

Көрүлдү: 2431

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхын” окутуунун предметтик стандарты “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” негизинде иштелип чыкты. Бул стандарт “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча билим берүүнүн мамлекеттик минималдуу мазмунуна жана 7-8-9-класстардын окуучуларынын даярдык деңгээлине коюлган талаптарды белгилейт.

post.title

“Диндердин өнүгүү тарыхы” окуучуларга диндер жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин тарыхын жана келип чыгышын изилдеп, диний окуулардын маңызын түшүнө башташат: диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик стандарты Кыргыз Республикасындагы кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей.

Эскертүү!

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети өзүнчө сабак эмес. Ал "Адам жана коом", "Дүйнөлүк тарых", "Кыргызстан тарыхы" предметтерин жандаган предметтик компонент болуп саналат. 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар