КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН СЕМИНАР

Автор: Борбордук аппарат

30 Июнь 2022 ж. 10:49

Көрүлдү: 633

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы №305 “Санариптик трансформациянын мындан аркы чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле билим берүүдө жаңы технологияларды өнүктүрүү жана киргизүү максатында 2022-жылдын 7-июнунда ZOOM платформасында Билим берүү жана илим министрлиги Русе университети (Болгария) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлору үчүн «Билим берүүдөгү жаңы технологиялар жана инновациялар» деген темасында семинар-тренинг өткөрдү.

post.title

Семинарда Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов куттуктоо сөзүн сүйлөсө, Болгариянын Русе университетинин ректору, академик К.Белоев евразиялык «Жаңы технологиялар аркылуу Борбордук Азиядагы жогорку билим берүүнү модернизациялоо» (HiEdTec) долбоорунун жыйынтыктарына кеңири токтолду.

Русе университетинин Инновациялык билим берүү технологиялары борборунун жетекчиси, HiEdTech долбоорунун координатору, профессор Ангел Смрикаров университеттердин санариптештирүү деңгээлин баалоо системасы жөнүндө айтып берди.

 Семинарга 30дан ашык жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар