МИНИСТР АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ПАРИЖДЕГИ САММИТКЕ КАТЫШУУДА

Автор: Борбордук аппарат

29 Июнь 2022 ж. 20:41

Көрүлдү: 973

29-июнда Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясынын «Билим берүүнү трансформациялоо» темасындагы саммити башталды.

post.title

Саммитке билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин биринчи орун басары Бактияр Орозов жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз катышууда.



Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын атынан билим берүү тармагын каржылоо жана санариптештирүүгө багытталган маселелерди көтөрдү.

Анын билдирүүсүндө президент Садыр Жапаровдун билим берүү тармагын өлкөнүн эң артыкчылыктуу, приоритеттүү багыты катары белгилеши саммиттин катышуучулары тарабынан колдоого алынды.

Аталган жыйынга дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын билим берүү министри катышып жатат.

2 күндүк саммитте адамзаттын пандемиядан кийинки билим берүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана багыттары боюнча талкуу болот.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар