ЧАЛДЫБАР ИНТЕРНАТЫ ЖАБЫЛАТ ДЕГЕН БОЖОМОЛДОР ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Июнь 2022 ж. 13:49

Көрүлдү: 753

Turmush сайтына (https://www.turmush.kg/news:470988) жарыяланган Чалдыбар мектеп-интернатынын ата-энелеринин кайрылуусуна жооп катары Билим берүү жана илим министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кызыл Сай айылынын Көчөркулов 63 көчөсүндө жайгашкан “Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби” жабылып жатат деген божомол чындыкка дал келбейт.

post.title

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №306 “Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы “Манас” интернат-лицейинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында “Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн зээндүү балдары үчүн Шабданбек Жумагулов атындагы “Манас” интернат-лицейи” мекемеси “Манас” интернат-лицейи” мекемеси деп кайра аталып, “Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби” мекемесинин имаратына жайгаштырылат.

Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектеби мурдагы режимде иштей берет.

Мектеп-интернаттын мурдагы директору Шаршенбек Конгантиев менен түзүлгөн эмгек келишими Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан узартылган жок, анткени мектеп-интернаттын жетекчиси сынактык тандоонун жыйынтыгы менен дайындалат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар