МИНИСТРЛИКТЕ СКОЛКОВО ИЛИМ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ МЕНЕН САНАРИПТИК ЭГИЗДЕРДИ ЖАНА ИНТЕГРАЦИЯЛООНУ ИШТЕП ЧЫГУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Борбордук аппарат

28 Июнь 2022 ж. 15:40

Көрүлдү: 1313

2022-жылдын 24-июнунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева Россия Федерациясынын Сколково илим жана технология институтунун өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун алкагында технологияларды жана билимдерди өздөштүрүү жаатындагы мамлекеттик саясат маселелери, КМШ мейкиндигинде россия-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү технологиялар трансфери, ошондой эле Кыргызстанда жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүү боюнча мисалдар жана сунуштар каралды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө стартаптарды уюштуруу тажрыйбасы, экономиканы инновациялык өнүктүрүүнүн элементи катары технологиялар трансфери, «PL Twin» санариптик эгиздерди өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча бирдиктүү платформаны түзүү каралды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар