“АЛТЫН ТҮЙҮНГӨ” ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН SIFO ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛИП КЕТТИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Июнь 2022 ж. 11:32

Көрүлдү: 595

25-июнда «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына Корея Республикасынын Сеул эл аралык достук уюмунун президенти Жоанна Сун Жу Ли жана Корея университеттеринин  профессорлору Хонг Сунг Гёл, Пэк Сунг Жун, Жо Тэ Жун келип кетишти.

post.title

«Алтын түйүн» УБИТАнын директору Жаркын Бапанова конокторго академиядагы техникалык лаборатория, клуб жана  FabLab-лабораториянын иши менен тааныштырды.

Делегация мүчөлөрү «Алтын түйүндүн» жаш техниктеринин жетишкендиктерин жогору баалап, академия балдардын техникалык билим берүүсүнө чоң салым кошуп жатканын билдиришти.

Ошондой эле алар балдардын эрте жашынан баштап техникалык билимдерди өздөштүрүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул Кореяда кеңири жайылган практика экендигин айтышты. 

Корея Республикасынын Сеул эл аралык достук уюмунун президенти Жоанна Сун Жу Ли мындан ары кызматташууну улантуу ниетин билдирип, балдардын FabLab-лабораторияларын «Алтын түйүндүн» аймактык филиалдарында өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экендигин айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар