БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЭКСПЕРТТИК КЕҢЕШИНЕ МҮЧӨЛҮККӨ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДОО БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июнь 2022 ж. 17:31

Көрүлдү: 1086

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги КР ББИМ Эксперттик Кеңешине мүчөлүккө талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.

post.title

Кулактандыруу

Илимий даражасы бар, төмөнкү багыттарга компетенттүү адистер чакырылат:

    1. Табигый илимдери;

    2. Инженердик илимдери;

    3. Медицина илимдери;

    4. Айыл чарба илимдери;

    5. Коомдук илимдери.

    Республикалык бюджеттен каржылануучу, мамлекеттик заказ боюнча түзүлүүчү илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу үчүн КР ББИМ сынагына берилген өтүнмөлөргө объективдүү, ар тараптуу, компетенттүү илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү эксперттердин милдети болуп саналат.

    Илимдин багыттары боюнча эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер тиешелүү багыт боюнча жогорку квалификациялуу адис болууга жана:

            - илимдин тиешелүү багыттары боюнча илимий даража жана наам;

            - илимий долбоорлордун өтүнмөлөрүнө экспертиза жүргүзүүгө катышуу тажрыйбасы;

        - илимий-изилдөө иштерин оппоненттөө жана рецензиялоо боюнча иш тажрыйбасы (2ден кем эмес);

        - акыркы 5 жылда илимий журналдарда жарыяланган 2ден кем эмес макала, эл аралык Scopus”, “Web of Science” же РИНЦ;системалары тарабынан индекстелген;

        - илимий, кесиптик жана эксперттик жамааттарга мүчөлүк;

        - башка эксперттердин сунуштары.

    Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

        - арыз (эркин формада, телефондун мобилдик номерин, электрондук дарегин көрсөтүү менен);

        - дипломдордун көчүрмөлөрү;

        - иштеген жеринен эки сунуш;

 

 

        - кандидаттык жана доктордук диссертацияларга оппоненттик эмгектерге ээ жана кандидат/доктордук диссертацияларды рецензиялоо тажрыйбасына ээ;

-акыркы 3 жылдагы макалалардын тизмеси, импакт-факторун көрсөтүү менен;

        - паспорттун көчүрмөсү.

    Документтерди (кагаз түрүндө, бир нускада) КР ББИМине (213-кабинет) 2022-жылдын 30-майынан тартып 30-июлуна чейин берүү зарыл.

    Кошумча маалымат алуу үчүн 62 04 94 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар