КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КАЗАКСТАНДА ӨТКӨН МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БИРИНЧИ ОРУНДУ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июнь 2022 ж. 10:23

Көрүлдү: 1529

2022-жылдын 12-14-июнунда Алматы шаарында Шалтай Смагулов атындагы Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы өттү.

post.title

Финалдык этапка катышуу үчүн Кыргызстандан 5 катышуучу чакырылган. Кыргызстандык команданын курамында:

1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу;

2. Мерида Даниярова, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектебинин 6-классынын окуучусу;

3. Амантур Токтоназаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

4. Саян Сарыкбаев, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

5. Бектур Айдаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдады.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Фёдор Корнияш биринчи орунга ээ болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар