КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКА БОЮНЧА АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН ОЛИМПИАДАСЫНДА МЕДАЛДАРГА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Июнь 2022 ж. 10:18

Көрүлдү: 1325

Быйыл математика боюнча Азия-Тынч океан 34-олимпиадасында Кыргызстандын эки окуучусу эки коло медалга ээ болушту.

post.title

Алар:

 Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш.

Мугалими - №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов.

Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин 11-классынын окуучусу.

Мугалими - Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров.

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасына 2009-жылдан бери катышып келишет. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын курама командасы 9 коло медалга ээ болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар