БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ САНАРИПТИК ӨНДҮРҮШ ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Борбордук аппарат

27 Июнь 2022 ж. 10:17

Көрүлдү: 1418

2022-жылдын 24-июнунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетиндеги FabLab лабораториясынын иши менен таанышты.

post.title

Лаборатория «FabLab Бишкек» түзүү жолу менен жогорку билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аталышындагы долбоордун алкагында ачылган.

Долбоордун алкагында профессордук-окутуучулук курам, лаборатория жетекчилери, студенттер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү санариптик өндүрүш көндүмдөрүн (3D принтерде басып чыгаруу) үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Университеттин окуу планына санарип өндүрүшү, материал таануу, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, мехатроника жана робототехника, биотехникалык системалар жана технологиялар сыяктуу дисциплиналар киргизилген.

Сапардын алкагында Расул Абазбек уулу Корея Республикасынын Сеул эл аралык достук уюмунун президенти Сун Жун Ли, ошондой эле баалоо тобунун мүчөлөрү – Кореянын университеттеринин профессорлору Хонг Сунг Гёл, Пэк Сунг Жун, Жо Тэ Жун менен жолугушту.

Тараптар долбоордун оң натыйжаларын белгилешип, FabLab жыйынтыктарын улантуу жана башка аймактарга жайылтуу, Кыргызстанда санариптик өндүрүштү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар