"АЛТЫН ТАМГА" КАЙРАДАН ТАПШЫРЫЛБАЙТ!

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июнь 2022 ж. 13:54

Көрүлдү: 843

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

post.title

Учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептөө). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.

    
Белгилей кетсек, «Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар