Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Сентябрь 2026 ж. 15:20
Көрүлдү: 144
Жалпы билим берүү уюмдарын жаңы окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо багытындагы иштер уланууда.
2026-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Учкун” ААКта 8-класстар үчүн “Математика” окуу-методикалык комплексинин окуу китептеринин биринчи бөлүгү жана 1-класстар үчүн “Математика” окуу-методикалык комплексинин иш дептерлерин кабыл алды.
8-класстар үчүн (кыргыз класстары) “Математика” – 93 750 нуска;
орус класстары үчүн – 58 725 нуска басылып чыкты.
1-класстар үчүн “Математика” иш дептерлери:
кыргыз класстары үчүн – 109 600 нуска;
орус класстары үчүн – 70 560 нуска.
Заманбап талаптарга ылайык даярдалган окуу-методикалык комплекстер билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталган.
Бул окуу китептери жана иш дептерлери өз убагында өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилет.