Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Сентябрь 2026 ж. 14:00
Көрүлдү: 148
Бүгүн, 25-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан "Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026" республикалык кароо-сынагынын финалдык этабынын үчүнчү күнү өтүүдө.
Республикалык этапка өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган 8 педагог катышып, кошумча билим берүүнүн ар түрдүү багыттарындагы кесиптик тажрыйбасын жана педагогикалык чеберчилигин көрсөтүүдө.
Үчүнчү күндүн алкагында катышуучулар сынактын программасында каралган практикалык тапшырмаларды аткарып, балдар менен иштөөдө өздөрүнүн чыгармачылык мамилесин, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жөндөмүн жана педагогикалык чеберчилигин көрсөтүшүүдө.
Сынакка көркөм-эстетикалык, туристтик-өлкө таануучулук, техникалык, дене тарбия-спорттук жана социалдык-педагогикалык багыттарда эмгектенген педагогдор катышууда.
Финалдык этапта катышуучулар кесиптик портфолиосун, өзүн-өзү тааныштыруу материалдарын, билим берүү программасын жана методикалык кейсин сунуштап, көрсөтмөлүү сабак аркылуу педагогикалык чеберчилигин көрсөтүүдө. Баалоодо алардын кесиптик компетенттүүлүгү, балдар менен иштөө жөндөмү, заманбап педагогикалык ыкмаларды колдонушу жана чыгармачылык мамилеси эске алынат.