Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Сентябрь 2026 ж. 13:46
Көрүлдү: 151
Бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен университеттин учурдагы кызматташтыгын, ошондой эле билим берүү жаатындагы биргелешкен иштин пландарын жана келечегин талкуулашты.
Жолугушууда тогуз биргелешкен кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмун түзүүнүн алкагында педагогикалык кадрларды даярдоо, окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана билим берүү процессин уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тогуз биргелешкен жалпы билим берүү уюмун куруу жана түзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2023-жылы кол коюлган макулдашууда каралган.