Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Сентябрь 2026 ж. 12:50
Көрүлдү: 141
Өзбекстан Республикасынын Укук коргоо академиясы чет өлкөлүк жарандарды жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларына кабыл алууну жарыялайт.
Окуу өз алдынча изденүүчүлүк жана докторантура формаларында, акы төлөнүүчү келишимдик негизде жүргүзүлөт.
Академияда илимий изилдөө жүргүзүү үчүн китепкана жана эл аралык электрондук маалымат базалары жеткиликтүү. Академия илимий басылмаларды чыгарып, жыл сайын эл аралык жана улуттук илимий-практикалык конференцияларды өткөрөт.
Кабыл алуу шарттары жана документтерди тапшыруу тартиби тууралуу маалыматты академиядан алууга болот.
Байланыш телефону: +998 71 202-04-96 (ички номерлер: 1752, 1791).
Академиянын сайты: proacademy.uz.